Чоң Казык
Чоң Казык
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 33 км |
бассейндин аянты | 3 425 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Чоң Казык — өзөн, Каракулжа районундагы суу, Тар суусунун сол куймасы. Узуну 33 км, алабынын аянты 342,5 км2.
Кызылагын ашуусундагы булактардан башталып, түндүктү карай агат. Башкы агымында Домбра деп аталат. Жылдык орточо чыгымы 3,61 м3/сек, эң көп чыгымы июнда (9,87 м3/сек), азы февралда (0,35–0,40 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2