Чоң Кызылсуу

Википедия дан
Чоң Кызыл суу‎»‎ барагынан багытталды)
Чоң Кызылсуу.

Чоң КызылсууЫсык-Көл өрөөнүндөгү суусунун Узундугу 48 км, алабынын аянты 340 км2.
Тескей Ала-Тоонун борб. бөлүгүнүн түндүк капталындагы Ашуутөр мөңгүсүнөн башталып, Ашуутөр аталат да, оң тарабынан Кашкатөр суусу куйгандан кийин Чоң Кызылсууну пайда кылат.
14 майда куймасы бар: ирилери: Сабатөр, Келдике, Кашкатөр, Айлампа, Шатылы ж. б. Жылдык орточо чыгымы 4,7 м3/сек, эң көбү 20,8 м3/сек (жайында), азы 0,7 м3/сек. Алабында 46 мөңгү бар (жалпы аянты 44,3 км2). Жайында кирип, күзүндө тартылат.
Чоң Кызылсуунун боюнда 2500 м бийикте Кыргыз Республиканын Илимдер академиясынын Тянь-Шань физика-географиялык станциясы, 2000 м бийикте Чоң Кызылсуу кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]