Чоң багыш
Чоң багыш - кыргыздардын сол канаты тобуна кирген ири уруулардын бири.
Өз алдынча уруу катары алгач «Мажму ат-Таварихте» кезигет. С. Абрамзон Чоң багышты кээ бир санжырачылар оң канатка киргизип жүргөнүн белгилеген. Көпчүлүк окумуштуулардын (мис., О. Каратаев) пикиринде Чоң багышэтнониминин келип чыгышы байыркы тотемдик түшүнүккө байланышкан. Бул уруунун негизги бөлүкчөлөрүнө «аекалы», «кандабас», «кулансарык», «бечине» («пичине»), «килет», «кулунчак» ж. б. кирет. В. В. Радлов боюнча «аскалы», «торо», «мачак», «үч тамга», «каңдабас», «кош тамга», «куан-дуан» уруктарынан турган. Чоң багыштар негизинен КЭРдин аймагында (Шинжаң-Уйгур автоном району), анча көп эмес бөлүгү Анжиян обл-да (Өзбекстан), Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл обл-да турушат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4