Чоң бүлөөлү

Википедия дан
Чоң бүлөөлү
Мүнөздөмө
Узундугу 35 км
бассейндин аянты 426 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Чоң бүлөөлү — Гүлчө суусунун оң куймасы. Узундугу 35 км (Эргештам куймасын кошкондо), алабынын аянты 426 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги. 3150 м, эң бийик жери 4641 м.

Суу Эргеш тоосунун батыш капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу агат да, өрөөнгө чыгып, Кичи Бүлөөлүнүн оң куймасы кошулгандан Чөң Бүлөөлү аталып, Гүлчөгө куят. Кичи Бүлөөлү менен Эргештам сууларын Көкбулак тоосу бөлүп турат. 10 куймасы бар, эң ирилери: Чебайрак, Кайыңды (сол), Шибе (оң) ж. б. Куралуу облусуна кирет. Жылдык орточо чыгымы 5,78 м3/сек, эң көбү июнь-июлда, эң азы февралда байкалат.

Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат.

Боюнан Чоң Бүлөөлү кыштагы орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2