Чоң каракаман мөңгүлөрү

Википедия дан

Чоң каракаман мөңгүлөрү — Тескей Ала-тоонун түштүк капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги 4 мөңгү. Кичи Нарын дарыясынын куймасы – Балгарттын алабында. Батышындагы мөңгүнүн узундугу 6,8 км, аянты 10,5 км2; башы деңиз деңгээлинен 4630 м бийиктикте, этеги 3610 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Түндүгүндөгүсүнүн узундугу 3,6 км, аянты 3,9 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4630 м, этеги 3720 м бийиктикте жатат. Түштүгүндөгү мөңгүнүн узундугу 4,4 км, аянты 3,3 км2; башы 4710 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Чыгышындагы мөңгүнүн узундугу 3,6 км, аянты 6,0 км2; башы 4330 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат. Ч. К. м-нөн башталган суулар кошулуп, Балгарттын курамы – Каракаманга оң жактан куят.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]