Мазмунга өтүү

Чубурма чөйрөнүн механикасы

Википедия — ачык энциклопедия

Чубурма чөйрөнүн механикасы – чубурма чөйрөнүн (кум, топурак, дан ж.б.) кыймылын жана теңсалмактуулугун изилдөөчү туташ чөйрөнүн механикасынын бөлүмү.

Чубурма чөйрөнүн механикасы чечүүчү маселеси – негизинен жер кыртышынын таяныч беттерге жасаган басымын аныктоо, пайдубалдардын керектүү тереңдигин эсептөө, элеватордун каптал беттерине дандардын жасаган басымын аныктоо, динамикалык жүктөрдүн таасиринен жер кыртышында пайда болгон толкун процесстерин изилдөө ж.б. Чубурма чөйрөнүн механикасынын негизги бөлүмдөрүнүн бири болуп жер кыртышынын механикасы эсептелет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]