Чубуртмалуу техника
Көрүнүш
Чубуртмалуу техника - автоматтык башкаруу системаларын түзүүчү техникалык каражаттардын комплекси.
Анда маалыматтарды берүү жана өзгөртүп түзүү үчүн газдын, адатта абанын же суюктуктун агымдарынын өз ара аракетинде пайда болуучу кубулуш пайдаланылат. Мис., бир агымдын бурч менен багытталган экинчисинин таасиринен бурулушу, агымдын каналдын дубалынан үзүлүшү. Чубуртмалуу техниканын түзүлүшү өтө ишенимдүүлүгү менен айырмаланат, алар өрткө жана жарылууга коопсуз, энергияны аз керектейт. Көбүнчө көмүр, нефтини кайра иштетүүчү жана химиялык өнөр жай ишканаларындагы технолиялык процесстерди башкаруу системаларында колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4