Мазмунга өтүү

Чуйков Василий Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Чуйков Василий Иванович (12. 2. 1900, азыркы Москва обл., Серебряные Пруды кыш. - 18. 3.1982, Москва) - Советтик Союз. Маршалы (1955), Советтик Союз. эки жолку Баатыры (1944, 1945).

M. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1925), ошол эле академиянын чыгыш ф-тин (1927), И. Сталин атындагы механикалаштырылган жана моторлоштурулган аскер академиясынын академиялык курсун (1936) бүтүргөн. 1918жылдан Кызыл Армиянын катарында. Аткычтар ротасынын, полкунун командиринин жардамчысы (191819), полктун командири (1919-21). Москва аскер округунун штабында начальниктин орун басары (1927), Кытайдагы аскер кеңешчиси (192729), Кызыл Туулу Ыраакы Чыгыш өзгөчө армиясынын штабында бөлүм начальниги (1929-32), Белорус аскер округунда бригаданын, корпустун командири (1936-38), армия тобунун командачысы (1938), СССР Коргоо эл комиссариатынын алдындагы аскер кеңешинин мүчөсү катары Польша жүрүшүнө (1939) катышып, Совет-финн согушунда (1939-40) 9-армиянын командачысы болуп дайындалган. Батыш өзгөчө аскер округунун командачысы (1940), СССРдин Кытайдагы элчилигинин алдындагы аскер начальниги (1940-42), Сталинград, З-Украин, 1-Белорус фронтторунун 1-резервдик, 64-, 62-армияларынын командачысы (1942-46). Чуйковдун командачылыгы менен Сталинград (азыркы Волгоград) шаарын коргоо жана бошотууда көрсөткөн күжүрмөн эрдиги үчүн 62-армия 8-гвардиялык деген ардактуу наамга ээ болгон.

Германиядагы советтик оккупациялык аскер тобунун башкы командачысынын орун басары, 1-орун басары (1946-49), башкы командачысы, ошол эле учурда Германиядагы советтик аскер адм-нын башкы начальниги, советтик көзөмөл комиссиясынын төрагасы (1946-53), Киев аскер округунун командачысы (1953-60), СССРдин жөө аскерлер күчүнүн башкы командачысы, Коргоо министринин орун басары (1960-64), СССР Жарандык коргонуусунун начальниги (1961-72) болуп иштеген. КПСС БКнын мүчөсү (1961-82), СССР Жогорку Советинин депутаты (1946-82). 9 Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы 3 Суворов ж. б. ордендер менен сыйланган. Сөөгү Волгоград шаарындагы Мамай коргонуна коюлган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4