Чукур чопо кени
Көрүнүш
Чукур чопо кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 2,5 км түндүк-чыгыш тарапта, Четкууганды суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1500–1900 м бийиктикте. 1981-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо жүргүзүп, запасын эсептеген. Кен аймагын неоген жана антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу чопо катмары плиоцендин тоотектеринин арасында жатат. Арасында майда гипс линзалары кездешет. Чопо физикалык-технологиялык касиети боюнча кирпич, черепица даярдоого жарамдуу. Запасы В+С1 категориясы боюнча 771 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7