Чулпан Абдулхамид Сулейман угли
| Чулпан Абдулхамид Сулейман угли | |
| өзб. Cho’lpon Abdulhamid Sulaymon o’g’li (өзб. Abdulhamid Sulaymon o’g’li Yunusov) | |
| | |
| Туулган датасы: | |
|---|---|
| Туулган жери: | |
| Өлгөн датасы: | |
| Жарандыгы: | |
| Ишмердүүлүгү: |
акын, жазуучу, драматург, публицист, көп тилдүү котормочу |
| Сыйлыктары: |
«Мустакиллик» ордени |
Чулпан Абдулхамид Сулейман угли (өзб. Cho’lpon Abdulhamid Sulaymon o’g’li), чыныгы ысымы Абдулхамид Сулейман угли Юнусов (өзб. Abdulhamid Sulaymon o’g’li Yunusov) (1897[1], Анжыян — 5 октябрь 1938, Ташкент) — өзбек акыны, жазуучу, драматург, котормочу жана публицист, XX кылымдагы жаңы өзбек адабияты менен поэзиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Чыгармаларын Чолпон («таңкы жылдыз») деген адабий каймана ат менен жазган[2].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чулпан Абдулхамид Сулейман угли 1897-жылы Анжыянда туулган. Алгачкы билимди медреседен алып, диний сабактар менен катар философияны, логиканы жана тарыхты үйрөнгөн, ошондой эле чыгыш поэзиясына кызыккан. Бир нече тилди билген Чолпон Фирдоуси, Саади, Хафиз жана Омар Хайям сыяктуу чыгыш акындарынын чыгармаларын түп нускасында окуган. Кийин орус-тузем мектебинде окуп жүргөндө Александр Пушкин менен Фёдор Достоевскийдин чыгармачылыгы менен таанышып, бул ага европалык маданиятка жол ачкан[3].
Адабий ишмердүүлүгүн «Садои Туркистон» гезитинде жарыяланган «Түркстандык туугандарга» аттуу ыры менен баштаган. Кийин ошол эле гезитте анын «Адабият деген эмне?» аттуу макаласы жана «Доктор Мухаммадияр» аттуу аңгемеси жарык көргөн.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чулпан Абдулхамид Сулейман углинин көп кырдуу таланты революциядан кийин өзгөчө ачылган. 1917-жылы ал «Халил — өнөрпоз» драмасын, 1920-жылы «Ёркиной» пьесасын жазган. Кийинки жылдары анын төмөнкү поэтикалык жыйнактары жарык көргөн:
- «Ойгонуу» (1922)
- «Булактар» (1923)
- «Таңкы кереметтер» (1926)
- «Соз» (1935)

1924-жылы Чолпондун айрым ырлары орус тилине чыгыш таануучу Александр Самойлович тарабынан которулган.
Жазуучунун эң ири чыгармасы — «Кече жана күндүз» романы (1936). Бул чыгарма өзбек романынын жана улуттук прозанын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Чолпон ошондой эле таланттуу котормочу болгон. Ал Александр Пушкин, Максим Горький жана Уильям Шекспирдин сыяктуу белгилүү инсардардын чыгармаларын өзбек тилине которгон. Котормолорунун арасында «Дубровский», «Борис Годунов», «Эне», «Егор Булычов» жана «Гамлет» чыгармалары бар.
Чулпан Абдулхамид Сулейман угли өлкө ичинде көп саякаттап, Оренбург жана Москва шаарларында жашап, иштеген[4].
Репрессия жана өлүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1930-жылдары СССРде «буржуазиялык улутчулдукка» каршы күрөш күчөгөн. Өзбек интеллигенциясы массалык репрессияга кабылып, Чолпон да куугунтукталган жазуучулардын катарына кирген.
1937-жылы ал камакка алынган. 1938-жылдын 5-октябрында Ташкенттеги Алвасти көпүрүк аттуу жайында атылган[5].
Акталышы жана эскерүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1956-жылы Чулпан Абдулхамид Сулейман угли толугу менен акталган. Бирок анын чыгармалары 1980-жылдардын аягында гана кайрадан кеңири басылып чыга баштаган.
Жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата Ташкентте Чулпан Абдулхамид Сулейман углинин мемориалдык музейи ачылган[6]. Ошондой эле борбор шаарда айкелчи Жалолиддин Миртажиев жасаган Чулпан Абдулхамид Сулейман углинин эстелиги орнотулган[7].
Өзбекстан президентинин жарлыгы менен Чулпан Абдулхамид Сулейман углиге өлгөндөн кийин «Мустақиллик» ордени ыйгарылган[8]. Анын ысымы Өзбекстандын ири басмаканаларынын бирине да берилген[9].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Чулпан Абдулхамид Сулейман углинин туулган жылы жөнүндөгү маалыматтар ар кайсы булактарда ар кандай белигиленген. Өзбекстанда Чулпан Абдулхамид Сулейман углинин туулган жылы расмий түрдө 1897-жыл деп кабыл алынган. 1997-жылы Чулпан Абдулхамид Сулейман углинин 100 жылдыгы Өзбекстанда белгиленген.
- ↑ Абдулхамид Чулпан
- ↑ Абдулхамид Сулейман (Чулпан). Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
- ↑ Чулпан. Стихи. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
- ↑ У. Маматов. ПРОИЗВЕДЕНИЯ ИСТОРИЧЕСКОГО ЖАНРА ИЗОБРАЗИТЕЛЬНОГО ИСКУССТВА В КУЛЬТУРЕ УЗБЕКИСТАНА (Вторая половина ХХ – начало ХХI вв).
- ↑ Где сходятся столетия. Газеда Правда Востока. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2017.
- ↑ Память Джалалитдина Миртаджиева почтили в Ташкенте.
- ↑ Указ Президента Республики Узбекистан от 24 -август (баш оона) 1999 года № УП-2376 «О награждении Абдулхамида Сулеймана-оглы Чулпана орденом «Мустакиллик»
- ↑ ИПТД имени Чулпана. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 22 -декабрь (бештин айы) 2011.