Чунижеков Чалчик Анчинович

Википедия дан

Чунижеков Чалчик Анчинович (29.10(10. 11). 1898, Куюм деген жер, азыркы Тоолуу Алтай АОсу - 1. 7. 1973, Горно-Алтайск) - алтай совет жазуучусу.

Дыйкандын уулу. Советтик-партиялык мектептин даярдоо бөлүмүн бүтүп (1926), адегенде айыл кеңешине катчы, кийин «Кызыл Ойрот» газетасына кызматкер болгон. Чыгармалары 1925-жылдан жарыялана баштаган. «Тууди» поэмасында (1947) эл жомокчусу Н.Улагашевдин өмүр жолун баяндайт. «Менин сөзүм» (1953), «Тандамал чыгармалар» (1959), «Очерктер» (1960) деген китептери чыккан. Негизги чыгармасы «Муңдузак» аттуу автобиографиялык повестинде (1962) Алтай элинин Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы турмушун көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4