Чуңкурчак өрөөнү (Чандалаш)

Википедия дан

Чуңкурчак өрөөнү (Чандалаш) - Чандалаш кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталында.

Чаткал д-нын оң куймасы Чуңкурчак суусунун өрөөнү. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1770 мден 2350 мге чейин. Рельефи адыр-күдүрлүү. Өрөөндүн айланасы, дөбөлөр менен курчалган. Алардын арасындагы көптөгөн чуңкурчактардын айрымдарын чакан көлдөр ээлейт.

Тоонун түбүндөгү эки кенен чуңкурчак (Бакмал, Жаныш-Көл) соолгон көлдөрдүн орду, алардан ылдый (2170 м бийиктикте) Ак-Көл, Сүйрү-Көл, Камышты-Көл, Коголу-Көл, Кечик-Көл, Казандуу-Көл сыяктуу топ көлдөр тизилип жатат. Булардын уз. 50-60 мден 350 мге чейин. Жээктеринде түрдүү өсүмдүктөр өсөт: бак дарак (терек, кайын, тал, ит мурун ж. б.), камыш, жекен, өлөң чөп, өйдөрөөк жерлерде аюу чачы, буйра шашыр, чайыр, арча ж. б.

Жайыт; рекреациялык жактан да пайдаланылууда. Жайкысын Ак-Көлдүн жээгинде балдар эс алуучу жай ачылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4