Чыгармачылык фантазия

Википедия дан

Чыгармачылык фантазия. Чыгарма жаратууда фантазиянын ролу абдан чоң. Мүнсүз көркөм чыгарма жаралбайт. Жазуучу турмушта өзү көрүп-билген же уккан окуяларга ичинен чыгарып, турмушта болуучу жана болууга тийищ болгон окуяларды кошот. Реализмде бул нерсе тарыхый чындыкка негизделүүгө тийиш. Чыгармачылык фантазия документалдуу чыгармаларда да учурайт. Очеркист кимдир бирөө жөнүндө очерк жазганда цифра, фактылар менен катар өз чыгармасында ойдон чыккан айрым сүрөттөөлөрдү пайдаланат, албетте ал очерктин жалпы максатынан алыс кетпөөгө тийиш, эгерде андай болбосо, эстетикалык күчүн жоготуп коёт. Элдик оозеки чыгармаларда, романтизмдин өкүлдөрүнүн чыгармачылыгында фантазия өзгөчө күчтүү даражада өнүгүп, аларда реалдуу негизден алыс турат. Жазма адабиятта чыгармачылык фантазиянын күчү менен жаралган образдар жана сүрөттөөлөр окурманды ишендирүүгө тийиш, бул, албетте, жазуучунун билимине, кругозоруна, турмушту жакшы билишине байланыштуу. Жазуучу Т. Касымбеков «Сынган кылыч» романында сүрөттөлгөн мезгилде жашаган эмес, андагы каармандардын бирин да өз көзү менен көрбөгөн, бирок ал XIX кылымдын II жарымындагы Кокон хандыгынын аки-чүкүсү, карапайым элдин турмушу жөнүндө роман жазды. Мында ал тарыхый документтер меиеп бирге чыгармачыл фаитазиясын да пайдаланды. Эгерде ал жалаң гана архивдик материалдарды пайдаланып, чыгармачылык фантазиянын мүмкүнчүлүгүн иштетпесе, эч убакта роман жаза албас эле.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]