Мазмунга өтүү

Чыгармачылык өнөркана

Википедия — ачык энциклопедия

Чыгармачылык өнөркана — чыгармачыл адамдын чыгарма жаратууда колдонгон иштөө ыкмалары, ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрү, турмушту эстетикалык кабылдоосу, ошондой эле чыгармачылыктын жалпы мыйзамдарына болгон мамилеси.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык өнөрканасын изилдөө аркылуу анын чыгармачылык табияты тууралуу көп нерсени билүүгө болот. Мисалы, ал студент кезинде эле Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында», В. Катаевдин «Полктун уулу» чыгармаларын өзгөчө баалап, жанында көтөрүп жүргөн. Ошондой эле «Саманчынын жолу» повестин бир нече вариантта жазганы белгилүү. Жазуучунун чыгармачылык өнөрканасын же чыгармачылык лабораториясын изилдөө — адабият таануунун негизги маселелеринин бири. Бул жазуучунун көркөм дүйнөсүн терең түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]