Мазмунга өтүү

Чыгаруу жумушу

Википедия — ачык энциклопедия

Чыгаруу жумушу ⎯ электрондорду суюктуктан же металлдын бетинен бөлүп, чыгарууга сарпталган энергия.

Электрон вакуумдан конденсацияланган чөйрөгө өткөндө Чыгаруу жумушуна барабар энергия бөлүнүп чыгат. Демек Чыгаруу жумушу – электрондун конденсацияланган чөйрө менен байланыш чени. Чыгаруу жумушу канчалык кичине болсо, электрондун эмиссиясы ошончолук оңой өтөт. Чыгаруу жумушу өткөргүчтөр, өзгөчө металлдар үчүн толук изилденген. Кристалл менен электрондун байланыш энергиясы бардык металлдарда бирдей болбогондуктан, электрондордун Чыгаруу жумушу да металлдардын тегине жараша болот. Мис., вольфрамдыкы А=4,53 эВ, жездики А=4,39 эВ, цинктики А= 3,74 эВ, кадмийдики А=2,15 эВ ж. б. Эгерде 1эВ =1,602·10-19 Дж болсо, анда Чыгаруу жумушунун бирдиги Джоуль (Дж) менен эсептелет. Чыгаруу жумушунун чоңдугуна металлдын бетинин тазалыгы да таасир этет. Электрондор металлдын бетинен учуп чыгыш үчүн металлдын эркин электрондорунун орточо кинетикалык энергиясы электрондун чыгуу жумушунан чоң болушу керек.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]