Чыгырчык мунай кени
Көрүнүш
Чыгырчык мунай кени ― Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 15 км түндүк-батышта. Кен 1976-ж. ачылган. Мунай юра мезгилинин терригендик чөкмө катмарынын ХХIII кабаты менен байланышкан. Мунайлуу ХХIII кабаты орточо 1000 м тереңдикте жатат, анын калыңдыгы 14,3 м. Нефти сакталган аянты 1,375 км2. Мунайдын тыгыздыгы 0,815 г/см3. Мунайдын курамында парафин – 20%, күкүрт – 0,07%, чайыр жана асфальтен – 17%. Мунайдын баштапкы иштеп чыгаруу запасы С1 категориясы боюнча 591 миң т. 1997-жылга карата калган иштеп чыгаруу запасы – 577 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7