Чыгыш Африка жаракалар зонасы

Википедия дан

Чыгыш Африка жаракалар зонасы - дүйнөдөгү ири тектоникалык жаракаларынын татаал системаларынын бири.

Ал Акаба булуңунан баштап, Кызыл деңиз, Эфиопия тайпак тоосу, Чыгыш Африка бөксө тоосу аркылуу Замбези д-нын төмөнкү агымына чейин, 6500 кмге созулуп жатат. Палеоген - неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеги тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Азыркы түспөлү олигоценден баштап, Чыгыш Африкадагы тоо көтөрүлүүлөру менен бир эле учурда калыптана баштаган. Батыш жаракасы Ньяса көлү туштан түндүктү карай Улуу Африка көлдөрүнүн тизмеги аркылуу 3000 кмдей, Чыгыш жаракасы Виктория көлүнөн түндүктү көздөй Эфиопиядагы «Афар үч бурчтугуна» (жанартоо тектери жана тез-тез кайталануучу жер титирөөлөрү менен айырмаланган облус) чейин, 2500 ммдей аралыкка созулат. Бул жерден жарака 2 тарамга - бири андан ары түндүккө, 2-си чыгышка карай багыт алат. Бул жаракалар менен чектелген жер кыртышынын блогу терең чөгүп, грабендердин татаал системасы жаралган. Грабен сымал бул ойдуңдун айрым жери өтө жазы келип, 2-чети көрүнбөйт. Ойдуңдун таманын миңдеген жылдар ичинде лава агымы каптап калган. Учурда активдүү вулканизм Виктория көлүнүн айланасында жүрүп жатат. Аракеттеги жалгыз карбонатиттүү жанар тоо - Ленгаи Танзанияда жайгашкан. Чыгыш Африка жаракалар зонасынын дагы бир өзгөчөлүгү - анын батыш тарамындагы терең көлдөрдүн (Танганьика (тереңдиги боюнча дүйнөдөгү 2-көл), Рудольф, Ньяса ж. б.) тизмеги жайгашкандыгы. Танганьика көлүнүн түбүндө, 5029 м терендикте топтолгон чөкмө тектер рифтогенездин абдан динамикалуу же узак мезгил бою жүргөнүн далилдейт. Чыгыш Африка жаракалар зонасын жаныбарлардын көп түрү мекендейт. Мындан 3 млн жыл мурда күчтүү жарылуудан пайда болгон Нгоронгоро кальдери (туура кесилиши 20 кмге жеткен) - жаныбарлардын эң мыкты коругу болуп саналат. Ленгаи менен Нгоронгоронун аралыгында жайгашкан Олдувай капчыгайында адам сымал жандыктардын калдыктары табылган. Аны айрым изилдөөчүлөр адамзаттын бешиги катары карап жүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4