Чыгыш Каракол өрөөнү

Википедия дан
Чыгыш Каракол‎»‎ барагынан багытталды)

Чыгыш Каракол өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Кара-Мойнок жана Орток тоолорунун аралыгында түндүк-батыштан түштүк-чыгышка (Кочкор өрөөнү тарапка) созулуп жатат.

Уз. 25-30 км, туурасы 7-9 км. Басымдуу бийиктиги 2300-2800 м, эң жапыз жери 2250 м. Таманы баш жагында тепши сымал, төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө тектерине толгон түздүк. Климаты континенттик кургак. Январдын орточо температурасы -10°...-12°С, июлдуку 12-14°С. Жылдык жаан-чачыны 250-350 мм. Өрөөн аркылуу Чыгыш Каракол суусу жана анын куймалары агып өтөт. Талаа (бетегелүү-шыбактуу, 2600 мге чейин), бадалдуу-шалбаалуу талаа (2600-2900 м), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2400-3600 м), нивалдык-гляциалдык ландшафттар басымдуу. Кочкор ойдуңуна чектеш жаткан төмөнкү бөлүгү сугат жана кайрак дыйканчылыгында, чабынды катары, ал эми батышы жана тоо капталдары жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]