Чыгыш Кара-суу өрөөнү

Википедия дан
Чыгыш Карасуу‎»‎ барагынан багытталды)

Чыгыш Кара-суу өрөөнү - Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, чыгыштан батышты карай дого сымал ийилип жатат.

Исфан-Жайлоо, Кен-Кол, Такталык жана КочкорДөбө тоолору менен чектешет. Токтогул районун аймагында. Уз. 75-80 км, таманынын эң жазы жери 6-7 км, кууш жери 500-1000 м. Өрөөндүн башы (2000-2400 м бийиктикте) мөңгүнүн аракетинен пайда болуп, морена ж. б. шиленди тектерден турат. Ортонку бөлүгү (таманынын орточо бийиктиги 1300-1600 м) суу эрозиясы менен аккумуляциясынан пайда болуп, ортонку палеозойдун кумдук, акиташ, сланец ж. б. тектеринен түзүлгөн; V сымал өрөөн. Төмөнкү бөлүгү кенен жана жазы келип, төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө тектерине толгон. Таманында анда-санда бадал-шалбаалуу токойлор кездешип, ландшафтында талаа, шалбаалуу талаа алкактары басымдуу. Өрөөн менен Кара-Суу (Нарындын сол куймасы) агат. Кара-Суу жана Капка-Таш көлдөрү бар. Баш жагы негизинен жайкы жайыт. Өрөөндү Бишкек - Ош автомобиль жолу кесип өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]