Чыгыш Көк-суу өрөөнү

Википедия дан
Чыгыш Көксуу‎»‎ барагынан багытталды)

Чыгыш Көк-суу өрөөнү - Алай кырка тоосунун чыгыш учунда.

Көк-Суунун аккан багыты боюнча түндүктөн түштүккө жана чыгышка 7075 кмге созулат. Алай районун аймагында. Баш жагы кенен (6-7 км), мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Төмөнкү бөлүгү V сымал капчыгайды түзөт. Өрөөн силурдун жана девондун кумдук, сланец, акиташ ж. б. тектерин суу жеп үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Көк-Суунун таманынын жапыз жери 2980-3000 м, бийик жери 3600-3700 м. Таманында бадал жана шалбаалуу токойлор кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]