Чыгыш Сөөк, капчыгай

Википедия дан

Ички Теңир-Тоодогу Кара-Мойнок жана Жумгал тоолорунун аралыгында. Сөөк суусунун аккан багыты боюнча батыштан чыгышка 50км ге созулуп жатат. Кочкор жана Жумгал районунун аймагында. Таманынын жазы жери 2–3км, кууш жери 500–1000м. Деңиз деңгээлинен 2300–2900м бийиктикте. Шиленди жана аккумуляция тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Негизинен V формасындагы капчыгай. Гранит-диорит(жеткиликсиз шилтеме), сиенит(жеткиликсиз шилтеме) жана башкалар интрузия(жеткиликсиз шилтеме) тектеринен турат. Капчыгайдын(жеткиликсиз шилтеме) таманына талаа жана шалбаалуу талаа, тоо беттеринде бадал аралашкан талаа, айрым жерлеринде шалбаа (3000м ге чейинки бийиктикте), андан жогоркусу альп(жеткиликсиз шилтеме) жана альп шалбаалуу талаа ландшафт(жеткиликсиз шилтеме) алкактары мүнөздүү. Капчыгайдын(жеткиликсиз шилтеме) төрүнө чейин авто жолу жетет. Жайкы жайыт.

Өлчөм белгиси (метр менен)
1 Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2300-2900
2 Узундугу 50000
3 Жазы жери 2000-3000
4 Кууш жери 500-1000

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]