Чыгыш кумчул муунткучу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Чыгыш кумчул муунткучу.

Чыгыш кумчул муунткучу (лат. Eryx tataricus, Lichtenstein, 1823)

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Түрдүн ареалы Ирандан тартып Түштүк Монголияга чейин, түндүктө 49чу параллелине жетет ; Казакстанда жана Орто Азия Вахш, Пяндж жана Сурхандарңя сууларынан өзөөнүнөн башка, кеңири таралучуу белгилүү болгон алтысынан наминативдүү түрчөсү кездешет Кыргызстанда: Чүй өрөөнү жана Кыргыз Алатоосунун этектери, чыгышта Токмокко чейин, батышта Талас өрөөнү, Кетмен Төбө ойдуңу жана Баткен облусунун түндүк – чыгыш бөлүгү.

Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Чополуу жана түздүктө талааларга айланган жарым чөлдөр, жантаймалар жана суу өрөөндөрдө – Кыргыз жана Талас кыркалардын тоо этектери жана ушулардын эле өрөөндөрү, чополуу жана шагылдуу чөлдөр жана жарым чөлдөр – Түркстан кыркаларынын тоо этектери жана Кетментөбө ойдуңу . Деңиз деңгээлинен 1500м бийикке чейин тоолорго көтөрүлбөйт.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда болжол менен бардык жерлерде саны аз. Жашоо тиричилиги жашыруун өткөндүктөн атайын маалыматтар жок; Чүй өрөөнүндө узуну 10 км жана туурасы 4м транссектада 2 особго чейин саналган . Кээ бир жерлерде, мисалы, Байтик өрөөнүнөн жогору Алаарча суусунун жайылмасында акыркы 10 – 20 жылда кездешкен эмес.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]

Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү, жашынууга ар кандай ийиндерди жана таштардын, жарлардын, бадалдардын түбүндөгү боштуктарды (коңулдарды) пайдаланат. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө чээнден апрелде чыгат . Жыныстануусу (үйүгүшүүсү) апрелң- майда. Жумуртка тирүү туучу түр, саны 6 – 34 жеткен жаштары шарттарга жараша ар кандай убактарда чыгышат, Кыргызстанда июлдун аягы – сентябрда . Жердин катуулугуна жараша 0,9 – 2,5м тереңдикке кирип биринчи суук түшөргө чейин чээнге өтүшөт. Майда сойлоочулар (сцинктер, кескектер) жана сүт эмүүчүлөр, чанда куштар жана курт-кумурскалар менен азыктанат ; зыянкеч кемирүүчүлөрдүн жана саранчалардын санын активдүү жөнгө салуусу менен албетте пайдалуу түр. Табылгасын денеси менен кысып муунтуп өлтүрөт.

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Антропогенндик өзгөрүлүшүнүн натыйжасында (айдоо, малды жайуу) жашоого жагымдуу жерлеринин азайышы, жергиликтүү элдердин түздөн-түз кырып жоготушуусу, балким коммерция үчүн чексиз түрдө кармоо.

Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]

Уруунун башка түрлөрүндөй эле террариум сүйүүчүлөрдүн жана зоопарктардын обңектиси. Колдо багып көбөйтүү оңой , бирок Кыргызстанда көбөйтүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Учурда, Кыргызстанда коргоого алынган эмес. Токмок комплексттүү заказниктин территориясында анча чоң эмес популяциясы болушу мүмкүн.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Талаа зыянкечтерди кырып жоготууда түрдүн пайдасы жөнүндө коргоону пропагандалоо, элдик медицина үчүн түрдүн жараксыз экендиги жөнүндө жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүү, коммерция үчүн кармоого тыюу салуу, бажы мекемелери үчүн ал жөнүндө маалыматтарды басып чыгаруу.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

NT категория. Тукумдун майда өкүлдөрүн камтыган уруудагы 10 түрдүн бирөөсү, бардык түрлөр CITESтин I I Тиркемесине киргизилген . Кыргызстанда: жашоочу жерлери азайып бараткан саны анча көп эмес түр, анткени локалду жана сейрек (III категория), түр Түркмениянын жана Тажикстандын (категория 2) Кызыл китептерине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]