Чылбыр

Википедия дан

Чылбыр - бул ноктонун бир бөлүгү. Чылбыр - жылкыны акырга же мамыга байлоого же жүгөндүн бир жагындагы ооздуктун чагарагына тагылуучу узун тилке кайыш же көбүнчө кыл кошулуп эшилген жип. Унааны байлоо, жетелөө үчүн колдонулат. «Манас» эпосунда ушул эле мааниде колдонулат:

Минесиң атты кайда деп
Чылбырдан кармай калганы
Чымырканып Чыйырды
Чылбырын сууруп алганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 126).

«Турбады атың токтолуп, Чылбырын сүйрөп бош басты, Чындап качып шыр ашты» (Сагымбай Орозбаков, 1. 37). «Манас» эпосунда ошондой эле: «Аман жүрүп ат болсо, Чылбыры тутам калгыча Чындаган жоого алдырбайт» (Саякбай Каралаев, 1. 52), — деп Манас төрөлгөндөгү Кула бээ тууган Торучаар кулун сүрөттөлөт. Мындан ал кулун келечекте баатырдын жан жолдош аты болору алдын-ала белгилүү болот. Ал эми: «Эки тизгин, бир чылбыр Эми колго алды дейт» (Саякбай Каралаев, 1. 104) деген саптардан бардык бийлик колуна тийди деген маани келип чыгары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4