Чылпаков Боронбай
Чылпаков Боронбай (1907, Суусамыр өрөөнү, Бороонду жайлоосу -1973, Суусамыр айылы) - согуштун жана эмгектин ардагери.
- 1926-ж. ал 19 жашында 6-класс билими болгонуна карабастан Суусамыр жайлоо кеңешинин башкарган.
- 1928-30-жылдары Фрунзе шаарындагы партиялык мектептен саясий билим алып, Калинин районунун ИйриСуу айылдык кеңештин төрагасы болуп дайындалат.
- Колхоздоштурууга активдүү катышкан.
- Суусамыр, Кара-Балта өрөөнүндөгү кулакка тартылгандардын күнөөсү негизсиз экендигин далилдеп, алардын таланып-тоноодон жана сүргүнгө айдалып кетүүдөн сактап калган.
- 1931-ж. Алай аймагындагы басмачыларга каршы күрөш уюштурган.
- 1936-41-жылдары Жумгал райондук комсомол уюмунда, 1941-42-жылдары Тогуз-Торо районунда жер (райзоо) бөлүмүнүн башчысы болгон.
- 1942-ж. советтик армиянын катарына чакырылат.
- Фрунзе жана жана Ташкендеги офицердик даярдоо курстарынан өткөн.
- Улуу Ата Мекендик согушта улук лейтенант чининде взводдун командири катары Украина фронтунда согушуп, эки жолу жарат алган.
- Ал 2-даражадагы «Ата Мекендик согуш » жана «Кызыл жылдыз » ордендери, «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланган.
- Кырбаш уруусунан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9