Чымбай турак жайы
Көрүнүш
Чымбай турак жайы - Өзгөн шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан коло дооруна таандык турак жай калдыгы.
Жалпы аянты 500 м2. Турак жайлардын сыртынан бекемделген чептин белгилери жок. Маданий катмардын калыңдыгы 1мге чейин. Байыркы очоктун, 16 чарбалык маанидеги чуңкурлардын орду, чопо идиштеринин калдыктары жана таштан жасалган куралдар (бычак, чокмор) табылган. Чопо идиштер көлөмдөрү жагынан Чуст жана Дальверзин эстеликгеринде кездешкен идиштерге окшош. 1959-ж. археолог Ю. А. Заднепровский таап изилдеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4