Мазмунга өтүү

Чымбай тургун жайы

Википедия — ачык энциклопедия

Чымбай тургун жайы – Өзгөн шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан коло дооруна таандык турак жайлардын калдыгы. Жалпы аянты 500 м2. Турак-жайлардын сыртынан бекемделген чептин белгилери жок. Маданий катмардын калыңдыгы 1 мге чейин. Байыркы очоктун, 16 чарбалык маанидеги чуңкурлардын орду, чопо идиштеринин калдыктары жана таштан жасалган куралдар (бычак, чокмор) табылган. Чопо идиштер көлөмдөрү жагынан Чуст жана Дальверзин эстеликтеринде кездешкен идиштерден айырмаланбайт. 1959-жылы Ю.А.Заднепровский тарабынан ачылган.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.