Чымбай чымкөң кени
Көрүнүш
Чымбай чымкөң кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Карадөбө суусунун төмөнкү агымында, Өзгөн шаарынан 5 км, түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1040 м бийиктикте. Аянты 50 га, калыңдыгы 1,14 м болгон чымкөң кени саздуу пролювий-аллювий катмары менен байланышкан. Чымкөңдүн чириндилүүгү 15–30%, өңү күрөң, кочкул күрөң. Чымкөңдүн кык жана акиташ менен аралашмасын жер семирткич катары пайдаланса болот. Запасы С1 категориясы боюнча 508,7 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7