Чындап өкүнүү
Көрүнүш
Чындап өкүнүү – кылмыш-жаза жоопкерчилигин жеңилдетүүчүжагдайлардын бири; сотко статьянын санкциясынын алкагында жазалоо чарасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет; күнөөлүүнүн адепки тергөөнүн жүрүшүндө же сотто жасалган кылмыштын баардык жагдайлары тууралуу ыктыярдуу айтып берүүсү жана өзүнүн жана кошо катышуучулардын аракеттерин терс баалоосу. Күнөөлүү сот алдында өзү менен кошо катышкандарды ашкерелеген учурда, кылмыш жасоого түрткү болгон жагдайларды ж. б. түшүндүргөндө Ч. ө-нүн жазаны дайындоодогу мааниси өсөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7