Чыныбаева, Айжан Адамкалиевна

Википедия дан

Чыныбаева Айжан Адамкалиевна – Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча экс-вице-мэри, коомдук ишмер, эксперт, эко-активист, ресторан жана мейманкана бизнеси боюнча бизнес-тренер, жеке өсүү жана позитивдүү ой жүгүртүү боюнча тренер; Социалдык ишкерлик ассоциациясынын программалык ментору, «“Курак” аялдар форуму» коомдук бирикмесинин, социалдык жана аялдардын ишкердиги боюнча жаштардын аймактык долбоорлорунун насаатчысы[1], “Club Dostuk Hotel” мейманканасынын, “Prego” ресторанынын, Ысык-Көлдөгү “Talisman Village” мейманканасынын ээси[2], Дүйнөлүк тазалык күнүнүн Элчиси.

Бала чагы жана билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айжан Чыныбаева 1978-жылы 11-апрелде Фрунзе шаарында жаш адистердин үй-бүлөсүндө туулган. Апасы Керектөөчүлөр союзунда иштечү, атасы кесиби боюнча экономист. Айжан Чыныбаева үй-бүлөсүндө ортончу бала, агасы жана сиңдиси бар.

Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң ата-энесин Кара-Балта шаарына жиберишкен. Айжан Чыныбаева 3-класска чейин №4 мектепте, андан соң №6 математикалык мектепте окуп, сегизинчи класста англис тилин тереңдетип окуткан №8 мектепке өткөн. 8-класска чейин математиканы жакшы көрчү, бирок кийин баарынан да англис тили жагаарын түшүнгөн.

16 жашында америкалык Flex билим берүү программасы боюнча стипендияны утуп алып, адегенде бир жылга Калифорнияга, андан соң Индианага барган. Айжан Чыныбаеванын айтымында, Америка ал үчүн чыныгы жашоо мектеби болгон[3]. Акчанын тартыштыгынан улам бала багуучу болуп, андан кийин MaryKay косметикасын сатып иштеген. Ошондой эле мектептеги баскетбол командасына каражат чогултуу үчүн  сувенирдик шоколаддарды да саткан күндөрү болгон.

Мекенине кайтып келгенден кийин Айжан Чыныбаева Кыргызстандагы Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) “Бизнести башкаруу” багыты боюнча тапшырган. Окуп жүргөндө котормочу, гид болуп, ал эми акыркы курста Iveko жана Chevrolet компанияларында соода агенти болуп иштеген. Окууну аяктагандан кийин англиялык камсыздандыруу компаниясында камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча менеджер болуп иштей баштаган.

Муну менен катар Айжан Чыныбаеванын мейманкана бизнесинде да өзүн сынап көрүү каалоосу күчтүү болгон, көп өтөй ага Hyatt мейманканасында бизнести өнүктүрүү боюнча координатор кызматы сунушталган. Кош бойлуу болгондуктан, ал декреттик өргүүгө чыгып, кайтып келгенден кийин бул иш ал үчүн көп деле кызыктуу болбой калганын түшүнгөн. Мына ошол маалда өзүнүн бизнесин ачуу идеясы пайда болгон.[3]

Айжан Чыныбаева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) бүтүрүүчүсү, “Мамлекеттик башкаруу жана укук” адистиги боюнча магистр даражасын алган[1].

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын ишмердүүлүгүн эмгектик жана коомдук деп бөлүүгө болот. Эмгек ишмердигине ылайык, 2000-жылдан 2001-жылга чейин “Италкир” ЖАКтын сатуу бөлүмүнүн координатору, 2003-2004-жылдары “Италкир” ЖАКтын (“Hyatt Regency Bishkek” мейманканасы) сатуу/коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн менеджери болгон. Айжан Чыныбаева 11 жыл бою “Дизайн бюросу” ЖЧКнын башкы директору (2006-2017-жылдары), ал эми 2008-2010-жылдары “Club Hotel” ЖЧКнын башкы директору кызматын аркалаган. Айжан Чыныбаева 2015-жылы “Талисман-Виллидж” ЖЧКнын директору болуп, 2017-жылдан бери “Достук Холдинг” ЖАКтын башкы директору болуп иштейт.

Коомдук ишмердиги жөнүндө айтсак, Айжан Чыныбаева “Rotary Сlub of Bishkek” уюмунун мүчөсү жана экс-президенти (бул эл аралык кайрымдуулук уюму). 2011-жылдан бери “Курак” Аялдар форуму” коомдук бирикмесинин мүчөсү[1], ал эми 2017-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандагы аялдардын “Курак” коомдук бирикмесинин төрайымы болгон[1].

Ошондой эле Айжан Чыныбаева 2013-жылдан бери Борбор Азиядагы Америка университетинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, 2014-жылдан бери Социалдык ишкердик ассоциациясынын кеңешинин мүчөсү жана “Эко-Деми” коомдук фондунун негиздөөчүсү. Ошол эле учурда “Таза Ысык-Көл” кыймылынын демилгечиси болгон[1]. 2018-жылдан бери Айжан Чыныбаева Кыргызстандагы “Let’s Do It” эл аралык экологиялык кыймылын жетектеп келет. 2020-жылдын күзүндө Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэри болуп дайындалып, бирок 2021-жылдын жазында бул кызматтан кеткен[4].

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Норвегия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулу (2016-жылы)
  • Дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 https://ru.sputnik.kg/20200903/ajzhan-chynybaeva-biografiya-spravka-1049555731.html
  2. https://who.ca-news.org/people:17758
  3. 3.0 3.1 https://limon.kg/ru/news:63782
  4. https://24.kg/obschestvo/192915_ayjan_chyinyibaeva_pokinula_doljnost_vitse-mera_bishkeka/