Чырга

Википедия дан

Чырга - ар кандай майда айбанаттын терисинен, көбүнчө түлкүгө окшотуп жасалган кеп, сөлөкөт.

Чырга бүркүттү, ителгини ууга салууга көнүктүрүү жана алардын тапка киргенин билүү үчүн колдонулат. Ал түлкүнүн терисине (кээде суур, түлкүнүн куйругун байлап) саман, чөп тыгып жасалат. Атчан киши чырганы узун жипке байлап, булактатып сүйрөп жөнөгөн учурда бүркүтчү дөңсөө жерден бүркүттү кое берет. Чырганы бүркүткө адегенде чукул, андан кийин улам алыс жерден алдырып машыктырат. Чырга алдыруу – бүркүт, ителги таптоонун акыркы этабы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.