Чырылдак жыландар

Википедия дан
мүйүздүү чарылдак (Crotalus cerastes).

Чырылдак жыландар - жыландардын оюк баштар тукумунун 2 уруусу (кадимки Чырылдак жыландар жана кидик Чырылдак жыландар).

Алар коркуп чочуганда куйругунун учу титиреп, анын катуу түрпүлөрү бири-бирине урунуп чарылдаган үн чыгарат; ал 30 м аралыкка чейин угулат (аты ошондон). Эң ирисинин уз. 2,5 мге жетет. Көпчүлүк Чырылдак жыландар Түндүк, Түштүк Америкада жолугат. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү. Күндүз таш алдында кемирүүчүлөрдүн ийиндеринде жатат. Көбүнчө майда сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Жумуртка-тирүүлөй тууйт. Майда жаныбарларды чакканда өлүмгө дуушар кылат, ири жаныбарлар жана адам үчүн да коркунучтуу. Уусу медицинада колдонулат. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4