Чүй ирригациялык курулуш башкармасы

Википедия дан

Чүй ирригациялык курулуш башкармасы - Чүй суусунун боюндагы жерлерди сугаруу үчүн уюштурулган башкармалык (1910).

Инженер-гидротехник (кийин проф.) В. А. Васильевдин жетекчилиги алдында Чүй изилдөө тобу түзүлүп, Чүй сугат системасынын алгачкьт долбоору 1913-ж. жарыяланган. Орто-Токой суу сактагычын, аны менен кошо Самсоновка (азыркы Боролдой), Кызыл-Суу каналдарын, Чөмүч гидротүйүнүн жана Ат-Башы (азыркы Сокулук районунда), Георгиевка (азыркы Кордой) сугат системаларын куруу каралган. РСФСР ЭКСтин 1918-ж. 9-майдагы декрети менен башкармалыкка жетекчилик кылуу Кызматчылар союзунун к-тине тапшырылып, 17-майдагы (ошол эле жыл) «Түркстандагы сугат иштерин уюштуруу жөнүндөгү» декретке ылайык Чүй өрөөнүндө ирригациялык системанын курулушуна 3 млн рубль алтын акча бөлүнгөн. Бирок жарандык согуштун башталышына байланыштуу ал кайрадан токтоп калган. Долбоорду аягына чыгаруу үчүн 1920-ж. Жети-Суу ревкому тарабынан 200 миң рубль, 1922-ж. кабыл алынган Орто Азия ирригациялык системасын кайра калыбына келтирүүнүн беш жылдык планына ылайык 192627-ж. 2439 миң рубль, 1927-28-ж. 3244,9 мин рубль бөлүнүп, Самсоновка, Кызыл-Суу каналдарын куруу аяктаган. 1934-ж. ишке кирген Чөмүч гидротүйүнү Ат-Башы каналы аркылуу Кыргызстандын 22 миң га жана Георгиевка каналы аркылуу Казакстандын 22 миң жерин суу менен камсыз кыла баштаган. 1937-ж. башкармалык Кыргыз АССР суу чарба башкармалыгына өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4