Чүкө чертмей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулардын бирөөсү калгандарынан бирден чүкөлөрдү алып, колдоруна чогултуп, аларды бир канча жолу өйдө-ылдый кыймылдарды жасагандан кийин, жерге жайылтып таштайт. Андан кийин эки топ же ойноочу эки колун бирден чүкө өкчөйт. Кимдин чүкөсү «алчы» болуп түшсө ал оюнду биринчи баштайт, жердеги чүкөлөр таа экинчи, чик үчүнчү, «бөк» — «алчы» болуп жаткан болот.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезектеги адам өз чүкөсүн чертет да же сөөмөйү менен бири бирин көздөй тийгизүүгө аракет кылып жылдырып башка оюнчунун чүкөсүнө тийгизүүгө аракет кылат. Эгерде жылдырган чертилген чүкө, башка оюнчунун чүкөсүнө тийсе, утуп алат, утулган чүкөнүн ээси, анын ордуна башка чүкө коёт. Андан кийин чүкөнү уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген чүкө, экинчи оюнчунун чүкөсүнө тийбесе кезек берки оюнчуга өтөт. Ошентип, оюн экөөң бири утмайынча созула берет. Чүкөлөрдү көп чертип алган оюнчу, жеңүүчүсү болот.

Оюндун ушул сыяктуу башка түрлөрү. Сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек ж. б.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, шартты бузууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөрдү оңдоого болбойт.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол жана манжалар менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]