Чөлөкө уулу Момунбай
Чөлөкө уулу Момунбай (1909-1979) Уста. Ак-Талаа районундагы Ак-Шыйрак тоосунун Кең-Кырчын жайлоосунда төрөлгөн.
Төрөлгөнү он беш күн бою бала үн чыгарып ыйлабагандыктан асан чакыргандагы аты өчүп Момунбай аталган. Момунбай устакерчиликтин уусун аталарынан алган. Абалы таш чегип, тегирмен чуркаткан. Устакана уюштурган. Мергенчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тегирменчилиги, мергенчилиги, устачылыгы аркылуу бир айыл элди багат. Атасы Чөлөкө камчы өрүмүн мыкты билген, Саяк ичинен чыккан Коңур уругун бириктирип, өзүнчө эл кылган адам болгон. Момунбайдын устакерчилигинде куйма калып менен узануу шарттуу көрүнгөн. Түстүү металлдарды (күмүш, жез, мис, калай) эритүүдө алаа көөрүгү болгон. Анын топчу калыбын, оюм калыбын, мүйүз калыбын, ат жабдыктарынын шөкөттөрүнүн калыбын азыр устанын уулу Сүйүнаалы ата мурасы катары тутууда. Ал түгүл чоң атасы Чөлөкөнүн бүлөөсүн да сактоодо. Момунбайдын аталары Эмилден калган мисти бастырып, оозунан оңой атылуучу алма баш мылтыгы болгон. Ителги жемсөөлөгөн дөшүсү, түрдүү түспөл берүүчү чапкылары бар. Таракты өзүнүн калыбына ысытып басын, түспөл берип, анан кезек, майда тиш чыгарган. Уулу Сүйүнаалынын уста чыкканына жетине албай: «Алып бычак курчутар, Атасынын бүлөөсү. Кулагында шамы бар, Ак калтар, суусар сүлөөсү»,-деп ырдаган. Өзү шайыр, кең пейил адам болгон. Ал көптөгөн чеберлерге нускасын берген. Кош-Дөбөдөн Нурбай уста, Дөрбөлжүндөн Бешкүрөң ээрчи, Илияс уста, уулу Сүйүнаалы усталыкка таандык өнөрдүн бүтүндөй түрүн кармай билишет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0