Чөмүчтүү гидротурбина

Википедия дан

Чөмүчтүү гидротурбина, агымдуучөмүчтүү турбина - жумуш аткаруучу дөңгөлөгү чөмүч сымал калактуу гидротурбина.

Ал «Пельтон турбинасы» деген аталыш менен да белгилүү. Чөмүчтүү гидротурбина кыйла кеңири тараган реактивдүү гидротурбиналардан конструкциялык жактан абдан айырмаланат. Анын жумушчу дөңгөлөгү суу агымында болот. Чөмүчтүү гидротурбинада суу чөмүчтүн ортосу менен өтүүчү айланага жаныма боюнча чорго аркылуу берилет. Мында суу чорго аркылуу өтүп, чоң ылдамдыкта турбинанын калакчаларына тийүүчү агымды түзөт. Анын натыйжасында дөңгөлөк айлана баштайт. Агымдын энергиясын пайдалануу атмосфералык басымда болуп, энергия суунун кинетикалык энергиясынын эсебинен гана өндүрүлөт. Турбинанын калакчалары ортосунда курч мизи бар, эки жакка кайрылган формада болот. Жумушчу дөңгөлөккө 40ка чейинки калакча орнотулушу мүмкүн. Чөмүчтүү гидротурбиналар көбүнчө тоолуу райондордогу бийиктен түшкөн чоң эмес өзөндөргө курулуучу чакан ГЭСтерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4