Шаар калкы
Көрүнүш
Шаар калкы - шаарда жашаган эл.
Анын басымдуу бөлүгү өнөр жайында, транспортто, соодада, тейлөө чөйрөсүндө, илимий жана билим берүү мекемелеринде эмгектенип, эмгекке жарамдуулардын үлүшүнүн жогорулугу, үй-бүлөнүн чакандыгы, социалдык мобилдүүлүгү ж. б. менен айырмаланып турат. Өлкөнүн же белгилүү бир аймактын урбанизация деңгээли Шаар калкы менен айылкыштак калкынын сандык катышы аркылуу аныкталат. Шаар калкынын үлүшү тез көбөйүүдө, алсак 1800-ж. дүйнө калкынын 3% шаарда жашаса 1990-ж. 43% ке жеткен. Европа калкынын 72%и шаарда жашайт, Азияныкы 27%, Түндүк Американыкы 75%, Латын Америкасыныкы 67%, Австралия менен Океанияныкы 77%. Кыргызстанда Ш. к. 1,8 млндон ашык (2009).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4