Шабай чополуу Бүлө-Таш кени
Көрүнүш
Шабай чополуу Бүлө-Таш кени Чүй облусунун Сокулук районунда, Сокулук кыштагынан 31 км түштүк-батьшта, Шабай суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1800–1900 м бийиктикте. 1989-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кендин пайдалуу катмары ордовик мезгилинде пайда болгон көмүр-чополуу сланецтер болуп эсептелет. Сланецтердин оптималдуу көөп чыгуу температурасы 1120–1160°С, көөп чыгуу коэффициенти 4–6. Алынган керамзит шагылы «400», «500» маркага туура келет. Запасы В категориясы боюнча 2996 миң м3, С – 10354 миң м2, В+С1–13350 миң м3 С2–35888 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7