Шабдалы жашыл бити

Википедия дан

Шабдалы жашыл бити – 150гө жакын өсүмдүк түрүнүн, айрыкча тамеки, картошка, гозо, капустанын зыянкечи. 70ке жакын вирустуу илдеттерди таратат. Ш. кара бити жазында шабдалынын кабыгы, гүлү, жалбырагы, тамыры, сөңгөгү менен азыктанат. Кайналы, алча, кызыл өрүккө зыян келтирет. Кайналы чаңгыл бити кайналы, алча, шабдалы, кызыл өрүктүн жалбырактарынын астыңкы бетине өтө көп топтолуп, ширесин сорот. Капуста бити кайчы гүлдүү өсүмдүктөргө, өзгөчө капустага зыян келтирет, буурчак бити буурчак жана башка чанактуу өсүмдүккө зыянкечтери. Бакча бити өсүмдүктөрдүн 25 тукумунун 45тен ашык түрү менен азыктанат. Айрыкча гозо, бакча өсүмдүктөрүнө , кене данга өтө зыяндуу. Данчы чоң биттер дан өсүмдүктөрүнүн топ гүлү, жалбырагы менен азыктанып, көп зыян келтирет. Кызылча тамыр бити өсүп жаткан кызылчага жана кызылча сактагычтагы кызылчага зыяндуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]