Шабданов Мелис
Көрүнүш
Шабданов Мелис (14. 11. 1953-ж. т., 1-Май айылы) - коомдук ишмер. Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1976).
- 1976-80-жылдары 1-Май айылында жаштар уюмунун жетекчиси, Ала-Бука райондук комсомол комитетинин 1-катчысынын орун басары,
- 1980-89-жылдары Чаткал райондук комсомол комитетинин 1-катчысы,
- 1989-91-жылдары Ала-Бука райондук идеология бөлүмүнүн башчысы,
- 1991-2000-жылдары 1-Май айылдык кеңешинин төрагасы,
- 2000-07-жылдары Ала-Бука райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүндө адис болуп иштеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6