Шабданов Турдукул
Көрүнүш
Шабданов Турдукул (1928, Акчий-Карасуу айылы) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери.
- 1961-ж. Бүткүл Союздук финансы-экономикалык институтун бүтүргөн.
- 1943-1944-ж. Акчий-Карасуу айылдык кеңешинин катчысы,
- 1945-1949-ж. Ленин атындагы колхоздун башкы бухгалтери,
- 1953-1956-ж. райондук кыштак-чарба башкармалыгында инструктор,
- 1956-1958-ж. райондук статистика башкармалыгынын жетекчиси,
- 1960-1962-ж. райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары,
- 1962-1972-ж. “Совет” колхозунда башкарма,
- 1972-1977-ж. “Толук” совхозунун директору,
- 1977-1989-ж. Токтогул май заводунун директорлук кызматтарын аткарып келген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, СССРдин, Кыргыз ССРнин грамоталары, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5