Шабиров, Жапар

Википедия дан

Шабиров Жапар (1920, Ысык-Көл району, Орто-Өрүктү айылы — 1993, Бишкек ш.) — милициянын генерал-майору.

1944-жылдан КПСС мүчөсү.
1941-ж. Түп айыл чарба техникумун, 1947-ж. СССР ички иштер министрлигинин жогорку офицердик мектебин, 1954-ж. КМУнун укук факультетин бүткөн.
1941—42-ж. Ысык-Көл райондук жер бөлүмүнүн зоотехниги, Түп айыл чарба техникумунун окутуучусу.
1942-жылдан Кыргыз ССР ички иштер министрлигинде иштеп, 1950—59-ж. министрдин орун басары, биринчи орун басары.
1959—69-ж. Ош облаткомдун ички иштер башкармасынын, 1969—83-ж. СССР ички иштер министрлигинин атайын милиция мектебинин (Бишкекте) начальниги болуп иштеген.
1983-жылдан отставкада. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.