Шайлоо системасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

доо чынгыз системасы - бийликтин шайланма, барыдан мурда өкүлчүлүк органдарын түзүүнүн жана кой берүүнүн натыйжасы аныкталган соң, аларда кызматтарды бөлүштүрүүнүн тартиби.

Бийликтин шайланма органдарын түзүүнүн белгилүү тартиби катары Шайлоо системасы жыйындысы шайлоо укугу деп аталган укуктук нормаларга таянат. Ал Конституциянын туура келген бөлүктөрүнө жалпы түрдө бекитилген да, атайын шайлоо мыйзамдарында деталдаштырылган. Ал жарандардын мамлекеттик шайлоо органдарын түзүүгө катышуу укугуна негизделген: активдүү шайлоо укугу, шайлоолордо жана референдумдарда катышууга мүмкүндүк берген добуш берүү укугу.

Шайлоо системасы өзүнө шайлоо органдарын түзүүдө шайлоолордун уюшулушун жана жүзөгө ашырылышын камтыйт. Шайлоо системасы формалдуу жалпы кабыл алынган жалпылык жана теңдик принциптеринде негизделишет. Бирок айрым колдонууларда аларга «ценз» деп аталган түрдүү чектөөлөр киргизилет. XVII-XIX к. көптөгөн жана кеңири таркаган ценздерден жаш жана жарандык ценздери сакталып калган. Андан тышкары, шайлоо мыйзамдарында атайын шарттардан улам шайлоо укугуна ээ эмес кээ бир топтор көрсөтүлөт. Мис., АКШда бийлик органдарын түзүүнүн түрдүү деңгээлдеринде кээ бир топтордун укуктарын чектеген он чакты ценздер өкүм сүрөт. Укуктарды чектөө «плюралдык вотумда», башкача айтканда, калктын ири менчикке ээ кээ бир топторунун бир нече добушка ээ болуу укугунда чагылдырылышы да мүмкүн. Бул система Австриянын жана Жаңы Зеландиянын кээ бир штаттарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын шайлоодо сакталып калган. Добуштун жыйынтыгын келтирүүдө кызматтарды бөлүштүрүүнүн жалпы кабыл алынган системасы да шайлоо укугунун белгилүү өлчөмдө чектелүүсү болуп саналат.

Шайлоо - шайлоо процессинин өзү түз жана кыйыр боло алат. Көптөгөн өлкөлөрдүн Шайлоо системалары эркин мандатка мүмкүндүк берет. Бир катар өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруучулугунда императивдик мандат аныктамасын табууга болот. Бул учурда депутат өзүнүн шайлоочуларына талаптардын системасы менен байланган. Мындай учурда депутаттык мандаттан ажыратуунун жалпы нормаларынан башка депутатты чакырып алуу процедурасы эске алынат.

Шайлоолорду дайындоо, эреже катары мамлекет башчысынын артыкчылыгы болот. Алар шайлоочуларды регистрациялоо жана мыйзам орноткон тартипте шайлоо округдарын уюштуруу процедураларына негизделген. Андан соң, талапкерлерди сунуш кылуу болот да, шайлоо компаниясы башталат. Анын нормалары да, шайлоо жана добуштарды эсептөө процедуралары сыяктуу, улуттук мыйзам чыгаруучулук менен тескелет. Добуштарды эсептөө жана орундарды бөлүштүрүү системасы эки негизги системаларга таянат: Мажоритардык жана пропорционалдык же аралаш системага. (Кара: Өкүлчүлүктүн мажоритардык системасы.

Өкүлчүлүктүн пропорционалдык системасы). Көпчүлүк өлкөлөрдө Шайлоо системасы менен же комбинацияланган (экинчи тур үчүн) же параллель (парламенттин шайлоосу бир система, ал эми бийликтин жергиликтүү органдарын шайлоо экинчи система) колдонушат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8