Шайлоо өнөктүгү
Көрүнүш
Шайлоо өнөктүгү – алдыдагы шайлоодо шайлоочулардын толук колдоосун камсыз кылуу максатында саясий партиялар менен көзкарандысыз талапкерлер тарабынан жүргүзүлгөн үгүт иш-чараларынын тутуму. Андан сырткары, Ш. ө-нө аргандай сүрөөнчүлөр топтору, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж. б. катышат. Шайлоо алдындагы жыйындарды жана митингдерди өткөрүү, макалаларды жана памфлеттерди чыгаруу, шайлоо афишаларын жана плакаттарды жабыштыруу, теле-радио аркылуу чыгып сүйлөө Ш. ө-нүн жүрүшүндө негизги үгүт таризи (ыкмасы) болуп саналат. Азыркы шайлоо мыйзамдары Ш. ө-нүн жүрүшүн кыйла толук жөнгө салып турат (үгүт жүргүзүү мөөнөтү менен тартибин, каржылоо булактарын ж. б.).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7