Шайылдаев Кубанычбек
Шайылдаев Кубанычбек Тери буюмдарынын чебери. 1964-ж. Нарын шаарында төрөлгөн.
1988-ж. элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайынын көркөм буюм кармоо бөлүмүн бүткөн. Азыр Нарын шаарындагы «Нуска» чакан чеберканасында узанат. 1991-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кубанычбек көргөзмөкөргө алгач «калмак өрүмү» аркылуу катышкан. Өрүм үчүн 16-24 тал көктү арбын пайдаланат. Мында сегизден экиге бөлүп, бирөөн жети кылып, ортодон аркак чыгарат. 12 талдын өрүмү оңдон солго өтүп отурат. Кубанычбек көөкөр, шири чыны кап жасоодо элдик ыкмаларды пайдаланат да, формасын жана чийме сынпосун кагазга түшүрүп, аларга айырмалуу көркөмдүк берет. Ал үчүн чебер өзү ойдогудай жасап алган аспаптары, чийим шибеге, сындырыктары бар. Катышкан көргозмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1991-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Шири буюмдары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0