Мазмунга өтүү

Шайымов Оболбек Капар уулу

Википедия — ачык энциклопедия

Шайымов Оболбек Капар уулу Мүйүзчү жана сөөк буюмдарынын чебери. 1958-ж. Ак-Талаа районундагы Баетов (Дөрбөлжүн) айылында төрөлгөн.

Райондук маданият үйүндө эмгектенген. Бишкектеги № 19 көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүргөн. Азыр «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде узанууда. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Оболбек мүйүздөн, сөөктөн буюм-тайымдарды белек-бечкектик мааниде жасоодо. Ал көлөмдүү, рельефтүү көрүнөт да, бир нерсенин сөлөкөтүн, түспөлүн берет. Кыз-келиндердин зер жасалгаларын жердиги мүйүз, сөөк, пластмасса өңдүүлөрдөн кармайт. Анын «Боз үй», «Комуз күүсү», «Бүркүтчү» өңдүү кутучалары-вазалары бар. Сөөктүн ички касиеттерин мыкты өздөштүргөн. Тарактын жердигин чакча сыяктуу өзүнүн баскычына тегиздейт. Үлгү боюнча анын эки бетин кум кагаз менен тазалап, жылмалайт. Тиш түшө турган жерлерин белгилеп, бир эле тарактын бир четине кезек, экинчи жагына майда типтерди чыгарат. Бетине көркөм оюм түшүрөт. Анан оюм-чийим түшкөн жезди ысытып туруп тарактын бетине басат. 65 тиштүү механизм аркылуу жүргүзүлгөн атайын араасы менен майда таракка 70 тиш чыгарат. Оболбек сөөктөн шахмат жасаган. Шахмат таштарынын түспөлүн тандап, сөөктү туурасынан кесет. Ал адамдын сөлөкөтүн - тебетейчен карыяны элестетет. Чети-белин сомдоп чарыкка алат да, анан бор машинага отурат. Ал машинанын көзөй жана кесе турган ийнеси бар. Аны менен сөөктү көзөйт, жол салат, оюм чийим түшүрөт. Сөөктү боёдо, айрыкча шахматтын сөлөкөттөрүн бири биринен айырмалоодо атайын боёк колдонот. Сөөктү төмөнкүчө да боёйт. Ыкчам чайдын чамасына уксус (ачык суу) кошуп, сөөктү ага бир сааттай салат. Ошондо сөөк күрөң жана кызгылт тартып, ышкын түп өңдөнүп калат. Пияздын кабыгына ачык суу кошуп да сөөк боёйт. Мүйүзгө жана сөөккө күмүш, жез, мис, нейзильбер, мельхиор, дат чалбас өңдүү түстүү металлдарды чабат. Буларга элдик көркөм оюм берет.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык II кароо сынагы». Сөөк, мүйүз буюмдары үчүн шааркомдун жана шаараткомдун Ардак грамоталары; 1987 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Мүйүз жана сөөк үлгүлөрү үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин диплому; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Сөөк, мүйүз буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0