Шекафтар
(Шакафтар барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Шекафтар[1] ― Сумсар айыл аймагына караштуу айыл. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш этегинде.
- Райондун борбору Каныш-Кыядан 160 км түштүк тарапта, темир жол бекетинен 120 км.
- 1926-28-жылдары Жалал-Абад кантонунун Чаткал болуштугунун борбору болуп турган.
- 1953-жылга чейин уран кени казылып алынган.
- Элдик уламыштар боюнча айылдын аталышы “Шаа - хан, падыша жана кептер бөлүктөрүнөн туруп, падышалык кептер маанисин билдирет.
- Тыбыштык өзгөрүүлөрдөн Шакафтар аталган.
- Калкы 3488 (2014);
Айылда фермердик чарба, облустук адистештирилген оорукана, «Тулпар» акционердик коомунун куюу цехи, 2 орто мектеп (Ленин атындагы гимназия жатак-мектеби, Гагарин атындагы) бала бакча, китепкана, маданият үйү (300 орундуу), стадион, оорукана (бейтапканасы менен), дүкөндөр ж.б. иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6