Мазмунга өтүү

Шалдырак гипс кени

Википедия — ачык энциклопедия

Шалдырак гипс кени - Токтогул районунун аймагында.

Каракөл шаарынан 15 км түштүкчыгыш тарапта, Шалдырак суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2300-2400 м бийиктикте жайгашкан. Гипстүү тоотек катмары Талас - Фергана жаракасы зонасында 1,5 км аралыкта созулуп жатат. Ал орточо калыңдыгы 30 м, узундугу 300 мдей. келген бир нече гипс линзасынан турат. Курамындагы S03 жараша гипс 1сортко кирет.

Божомолдуу запасы 1,5 млн т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5