Шалпыкова Нургүл Чүкүновна
Көрүнүш
Шалпыкова Нургүл Чүкүновна (1. 3. 1962-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - эл агартуунун отличниги (2008).
1979-ж. орто мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1985). 1986-жылдан азыркы мезгилге чейин Суусамыр орто мектебинде эмгектенип келе жатат. 1998-2003-жылдары мектептин уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары, 2003-жылдан окуу бөлүмүнүн башчысы - директордун орун басары болуп эмгектенип келүүдө. Ал райондук, облустук эл агартуу бөлүмдөрүнүн грамоталары менен сыйланган. Кырбаш уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9