Шамалдын көлөкөсү

Википедия дан

"Шамалдын көлөкөсү" (исп. La sombra del viento, англ. The Shadow of the Wind) - дүйнө жүзү боюнча эң көп сатылган китептердин бири болгон, испаниялык жазуучу Карлос Руис Сафондун 2001-жылы жазылган романы. 2004-жылы Лүсия Грейвс, Европада чоң ийгиликке жеткен жана Испанияда апталар бою эң көп сатылган китептердин тизмесинен түшпөгөн "Шамалдын көлөкөсү" романын англис тилине которгондон кийин, Улуу Британияда, чыгарманын миллиондон ашык нускасы сатылат. Роман, АКШда Penguin Books басмаканасында, Улуу Британияда Weidenfeld & Nicolson жана Orion Books басмаканаларында басылып чыккан. Дүйнө жүзүндө романдын 15 миллиондой нускасы сатылганынан улам, роман бардык мезгилдеги эң жакшы сатылган китептердин бири болуп келет.

Сафондун "Периштелердин оюну" (англ. The Angel's Game) аттуу романы, "Шамалдын көлөкөсү" романынын приквелы болуп эсептелет. Ал 2008-жылдын апрелинде Planeta басмаканасында, испан тилинде жарыкка чыгат, кийинчирээк, Weidenfeld & Nicolson басмаканасы китептин басылмасынын укугуна ээ болот. Лүсия Грейвс 2009-жылдын июнунда бул чыгарманын англис тилиндеги китебин жарыкка чыгарат. "Периштелердин оюну" романынын окуясы 1920-1930-жылдары, Барселонада орун алат, анда жаш жазуучунун сырдуу адам менен келишим түзүп, китеп жазганы баяндалат.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]