Шамс сүрөсү
- 91-сүрө
Шамс сүрөсү (1) Күн[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 15 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Күн жана анын жарыгана ант!
- 2. Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!
- 3. Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант!
- 4. Жана аны ороп кала турган түнгө ант!
- 5. Асманга жана аны (бекем) курганга (2) ант!
- 6. Жерге жана аны жайганга ант!
- 7. Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант! (3)
- 8. Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду.
- 9. Эми, ким напсисин ( бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет.
- 10. Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат (4)
- 11. Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.
- 12. Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза- төөнү союш үчүн) козголду
- 13. Аларга Аллахтын элчиси "Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!") деди
- 14. Аны "жалганчы" дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойроп кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды! (5)
- 15. Ал (Аллах Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.